Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Акыл-эстүү, жакшынакай депутаттарды тандап бергиле

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 602 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди.

Добуш берүү процедурасы аяктаган соң Акылбек Жапаров мекендештерге кайрылып, аларды өз жарандык милдетин аткарууга чакырды.

«Биздин шайлоого жана шайланууга укугубуз бар. Сиздер татыктуу тандоо жасап, сиздердин кызыкчылыгыңыздарды жактап, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүп, сиздердин пенсияларыңызды жана айлык акыңыздарды жогорулаткан мыйзамдарды жаза турган депутаттарды шайлайсыздар деп ишенем. Өлкө тарыхында алгач ирет Президенттин администрациясы жана Министрлер кабинети шайлоо процессине кийлигишкен жок деп айтууга болот. Сиздердин жоопкерчиликтүү, салмактуу, патриоттук, жарандык позицияңыздарга ишенем. Акыл-эстүү, жакшынакай депутаттарды тандап берүүңүздөрдү өтүнөм. Милдет катары, тапшырма катары да алсаңыздар, бүгүн келип өзүңүздөрдүн эркиңиздер менен добуш берип кетиңиздер», — деп белгиледи Жапаров.

Жапаров ошондой эле тандоо кандай болгонуна карабай баш ийип, ошол кишилер менен иштешкенге даяр экенин билдирди.

Мындан сырткары ал шайлоо мыйзамдарын бузган 12ге жакын кызматкер жаза алганын кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM