Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатыла баштады

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 297 | 0

Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

25-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түмөнбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык «Строймаркет» курулуш базарынын короосуна 22,5 тонна көмүр келди.

Көмүр жеке ишкерлер менен сүйлөшүү аркылуу Таш-Көмүр шаарынан алып келинген жана базар баасынан 3 миң сомго чейин арзан.

Көмүр шаар тургундарына бир тоннадан ашык сатылбайт. Бул көмүрдүн жарандардын баарына бирдей жеткиликтүү болуусун камсыздоо максатында жүрүп жатат.

Арзан көмүр суроо-талапка жараша үзгүлтүксүз негизде Таш-Көмүрдөн ташылып турат. Учурда Жалал-Абад шаарында жеке ишкерлер тарабынан бир тонна көмүр 6-7 миң сомдон сатылууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарына жыл сайын 10 миң тоннага чейин көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө анын 80%ы камсыздалган. Ал эми социалдык мекемелер 100% га камсыз болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM