Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка төрага Акылбек Жапаров кол койгон.
2016-жылдын 25-октябрында ошол учурдагы Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Ахматов Калыс Орозбекович Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалган.