Биз менен байланышыңыз

Жогорку медициналык билим берүү программасына лицензия берүү токтотулду

Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 678 | 0

Министрлер кабинети билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берилишине убактылуу мораторий киргизди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

2022-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-январына чейин жогорку медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу киргизилди.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, акыркы жылдары жогорку билимдүү медициналык кадрларды даярдаган жогорку окуу жайларынын саны кыйла көбөйдү. Ошол эле учурда жогорку билимдүү медициналык кадрларды 22 ЖОЖ даярдайт, анын бешөө мамлекеттик жана 17си — жеке менчик окуу жайлар.

Акыркы 5 жыл ичинде (2016-жылдан 2021-жылга чейин) 12 жылдык билим базасында 5 жылдык окуу мөөнөтү менен англис тилдүү чет элдик жарандар үчүн «Дарылоо иши» программасын ишке ашырган 10 жаңы ЖОЖ ачылды.

Учурда медицина тармагына лицензия алуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда (5 арыз кароодо), алардын бардыгы жетиштүү клиникалык база жана тийиштүү кадрлар менен камсыздалган эмес.

Жогорку окуу жайлары тиешелүү кадрдык, методикалык жана башка ресурстук камсыздоосу жок туруп, медициналык программаларга лицензия алууга аракет кылуу тенденциясы байкалууда. Бул жогорку медициналык билим берүүнүн сапатынын кескин төмөндөшүнө алып келген.

Copyright © 2017 Maral FM