Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 38%га өстү

Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 956 | 0

Быйыл тогуз ай ичинде Кыргызстан менен Орусиянын товар жүгүртүү көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 38 пайызга өстү.

Бул тууралуу Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Москва шаарында жолугушууда айтты.

«Орусия — Кыргызстандын негизги экономикалык өнөктөшү. Январь-сентябрь айларында биздин өз ара соодабыз 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 38%га өсүп, 1,7 млрд доллардан ашты. Кыргызстанда энергетика, тоо-кен жана телекоммуникация тармагында орусиялык ири компаниялар иштейт. Өнөр жай, айыл чарба, машина куруу, радиоэлектрондук өнөр жай тармагында чоң мүмкүнчүлүктөр бар», — деди Орусия өкмөтүнүн башчысы.

Акылбек Жапаров 22-ноябрда Москва шаарына иш сапары менен барган.

Жалпысынан акыркы жылдарда Кыргызстан менен Орусиянын соода көлөмү өскөнү айтылат. Мисалы, 2016-жылы соода жүгүртүү 1,2 миллиард доллардан азыраак болсо, 2019-жылы дээрлик 1,9 миллиард долларга жеткен.

Бирок 2020-жылдын 10 айында өлкөлөр аралык соода жүгүртүү көлөмү 1,2 млрд доллар болгон.

Негизинен Кыргызстанга Орусиядан отун, мунай өндүрүмү, жашылча-жемиш, өсүмдүк майы, эгин, ун азыктары жана башка нерселер келет.

Copyright © 2017 Maral FM