Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 13 миң 319 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 12 Ноя 2021 | 249 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 13 миң 319 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 967 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 352 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 28 миң 433 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 805 миң 987 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

10-ноябрда президент Садыр Жапаров «Фейсбук» баракчасына билдирүү калтырып, кыргызстандыктарды кайрадан коронавируска каршы вакцина алууга чакырган.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган.

Copyright © 2017 Maral FM