Биз менен байланышыңыз

ИИМ Бакиевдин портретин алып, коомчулуктан кечирим сурады

Кыска кабар | 12 Ноя 2021 | 343 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы өлкөдөн качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин портретин алып салды жана мындай кемчилик үчүн коомчулуктан кечирим сурады.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

«Урматтуу жарандар, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген кемчиликтер үчүн коомчулуктан кечирим сурайт. Бүгүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшкөн түзүмдүн мурдагы жетекчилеринин портрети илинип, ал жакта эч кандай күмөн ойлорсуз Жаныш Бакиевдин да портрети кошулган. Бирок, бул кетирилген катачылык дароо оңдолуп, стендден портрети алынды»,-деп айтылат билдирүүдө.

Жаныш Бакиев 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Соттун чечими менен өмүр бою соттолгон.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарды. 2010-жылдагы көтөрүлүштө үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларусиядан башпаанек алган.

10-ноябрь күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын мурда жетектеген башчыларынын стендин ачууга байланыштуу салтанаттуу азем өткөрүлгөн.

Аталган иш-чарага алгачкы жетекчилер А. Зеличенко, З. Рысалиев, Т. Бейшенбаев,  А. Ботобаев, М. Исмаилов, Б. Матмусаев, М. Кулуев жана башкалар катышкан.

Роза Отунбаева: Бакиевдин кадрлары келип жатат (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM