Биз менен байланышыңыз

Роза Отунбаева: Бакиевдин кадрлары келип жатат (видео)

Кыска кабар | 11 Дек 2020 | 1210 | 0

«Жогорку мамлекеттик кызматтарга Бакиевдин убагында иштеген адамдар келип жатат». Мындай пикирин Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева, журналист Майраш Базлакунованын жеке каналына берген маегинде билдирди.

Отунбаева бийлик жетекчилерин өлкөнүн экономикалык абалын жакшыртуу менен алектенбестен, Конституцияны өзгөртүүгө киришкенин, жаңы Башмыйзам менен келечек муун жашай турганын айтып, бирок аны талкуулаган Конституциялык кеңешме жаштардын пикирлерин эске албай жатканына тынчсызданды.

Мындан тышкары Беларусиядагы абалды мисал келтирип, анда автократтык режимге каршы турган эл төрт айдан бери нааразылык билдирип келишерин, Кыргызстан болсо тескерисинче парламентаризмден алыстоого аракет кылганын сындады.

«Беларусия менен көптөгөн уюмдарда кызматташабыз. Бүгүн Беларустун сүт тамактарын да ичип атабыз, ушунчалык тыгыз байланыштабыз. Алар автократтык режимге каршы туруп, төрт айдан бери нааразылык билдирип келишет. Бир кишинин автократиялык режимин кулата албай жатышат, канча адам кармалды, канчасы өлкөдөн чыгарылды, канчасы кыйноого алынды. Биз болсо парламентаризм Кыргызстанга жарабайт экен, бир адамдын режимин куралы деп жанталашып, Конституцияны өзгөртүп жатабыз. Менин таң калганым, эмне себептен элибиз эки жагын карап койбойт, эмне себептен биздин эс тутумубуз кыска? Мына азыр Бакиевдин кишилеринин баары кызматка келип атат, көрүп жатабыз. Баягы эле журналисттерди өлтүргөндөр, аркабыздан жүргөндөр жогорку кызматтарды ээлеп жатышканын көрүп атабыз. «Манас» аэропортун деле Сыдыковдун уулу башкарып жатпайбы, аны көрүп жатабыз го? Демек мурдагы режим кайра ордуна келип атат, биз болсо билмексен болуп отурабыз», — деди Отунбаева.

Copyright © 2017 Maral FM