Биз менен байланышыңыз

Ак илбирске аңчылык кылгандар 1,5 млн сом айыппул төлөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 8 мая 2024 | 404 | 0

2017-жылы ак илбирске мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айыппулдун суммасы эки эсе көбөйтүлгөн. Мисалы, мурда 500 миң сом болсо, 2013-жылы 1 млн сомго чыгып, азыркы учурда 1,5 млн сомду түзөт.

Бул тууралуу NABU уюмунун Кыргызстандагы филиалынын браконьерликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Бекболот Өзгөрүш уулу «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

«Жаратылышты коргоодо Экология министрлиги менен биргеликте иш алып барабыз. Негизинен жалпы жаратылышты, анын ичинде Кызыл китепке кирген ак илбирсти коргоонун үстүндө иштеп келебиз. Мурда аңчылыка чыккандар көп болгон. Ошондуктан Кыргызстанда бул жаныбарды коргоо боюнча эки жолу форум өттү. 

Андан тышкары, антибазадагы эчки, теке, аркар жана кулжаларга да аңчылык кылгандарга айыппулдун суммасы жогорудагыдай эле көбөйтүлгөн. Бирок жаза төлөмдөрүнүн көбөйтүлүшүнө карабай дагы эле аңчылык учурлар болуп келе жатат. Бүт региондорго барып маал-маалы менен текшерүүлөрдү өткөрүп турабыз. Азыр кадимкидей мыйзамсыз аңчылыктын саны азайды», — деди Өзгөрүш уулу.

Анын айтымында, туристер үчүн атайын коргоого алынган парктарга турлар уюштурулуп, жогоруда аталган жаныбарларды көрүү мүмкүнчүлүктөрү да түзүлүп жатат.

Ал эми экологияны коргоо жана айыппулдар боюнча түшүндүрүү иштери бала бакчадан баштап жергиликтүү калкка чейин жүргүзүлүп, оң таасирин берүүдө.

«Биз ак илбирстин санын айтууда министрликтин берген маалыматына таянабыз. Алардын маалыматы боюнча болжолдуу түрдө 300-350 деп айтылган. Булар короодогу мал болбогону үчүн так санын чыгаруу кыйыныраак», — деп кошумчалады ал.

Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 30-декабрында президент Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

https://www.youtube.com/live/3duCktxua3M?si=xyq9sXrUUuVyQYjz

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM