Биз менен байланышыңыз

Өлкө боюнча жалпы 786 миң адам вакцинанын экинчи дозасын алды

Кыска кабар | 7 Ноя 2021 | 208 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 752 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 850 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 902 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 12 миң 545 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 786 миң 210 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Copyright © 2017 Maral FM