Connect with us

Акыркы суткада коронавирустан үч бейтап каза болду

Кыска кабар | 7 Ноя 2021 | 187 | 0

Кыргызстанда 7-ноябрга карата коронавирус дагы 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 21, Ош шаары — 1, Чүй облусунда – 5, Ош облусу – 9, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 77 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 606 бейтап, амбулатордук түрдө 829 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 830 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 185 киши айыгып чыкса, 2 686 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM