Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Биздин аймак тынч жана туруктуу чөлкөм катары маанилүү роль ойнойт

Кыска кабар | 5 Ноя 2021 | 548 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Европа Биримдиги жана Борбор Азия» бизнес-форумуна катышты.

Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргызстанда мындай форум алгач ирет өтүүдө жана ал Европа Биримдиги жана Борбор Азиядагы өнөктөштөр алдында турган маанилүү маселелерди талкуулоого арналган.

«Жаратылыштык жана адамдык ресурстарга бай Борбор Азия мамлекеттерин айрым алып караганда, регион олуттуу мааниге ээ болуусу үчүн анын чакандыгы жана ыраак жайгашкандыгы тоскоолдук жаратат, ошол эле учурда жалпысынан регон катары биз Европа Биримдигине өз «көз карашыбызды» сунуштай алабыз. Биздин регион динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак, демек, мунун өзү биз дүйнөдө өзгөчө орунга ээ болобуз дегенди билдирет. Ошондой эле бул биздин регионду өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарыл дегенди түшүндүрөт», – деди Байсалов.

Эдил Байсалов форум алкагында иштелип чыккан идеялар жана сунуштар өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгып, иш-чарага катышуучу өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын оң багытта өнүгүүсүнө жана анын чыңдалышына өз салымын кошот, ошондой эле жаңы өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга көмөк берет деген ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM