Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров аймактарды өнүктүрүү фонддору тууралуу жобону бекитти

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 278 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аймактарды өнүктүрүү фонддору тууралуу жобону бекитүү жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, «Аймактарды өнүктүрүү фонддору жөнүндө» ушул жобо Бюджеттик кодекс, «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» кодекс, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын ченемдерине ылайык иштелип чыккан.

Фонд облусту өнүктүрүү фонду же районду өнүктүрүү фонду түрүндө юридикалык жактын статусуна ээ жана мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.

Облусту өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу Министрлер кабинети болуп саналат. Министрлер кабинети президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Фондду башкарууда анын кызыкчылыктарын билдирүүгө ыйгарым укук берет.

Районду өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация болуп саналат.

Фонддун каражаты бюджеттик системанын акчасы болуп саналат.

Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн казына системасында бюджеттик жана атайын эсептер ачылат.

Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачык-айкындык, маалымдуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.

Фонддун максаты облустардын, райондордун, шаарлардын жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу, жарандардын жашоо-турмушунун деңгээлин жогорулатууга багытталган жергиликтүү коомчулуктун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын демилгелерин колдоо, региондук экономикалык өнүгүү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөөсүн жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Фонддун милдети облустардын, райондордун, шаарлардын жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын артыкчылыктарына ылайык Фонддун финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.

Фонддогу бюджеттик жана атайын эсебиндеги каражаттар төмөнкү багыттар боюнча бөлүштүрүлөт:

  • жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын аткаруу үчүн арналган инфратүзүмдүк объекттерди курууга, реконструкциялоого, мүлктү сатып алууга;
  • билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, экология, экономика, агро өнөржай комплекстери, өзгөчө кырдаалдар, маданият, спорт чөйрөлөрүндөгү маселелерди чечүү үчүн инфратүзүмдүк объекттерди курууга, реконструкциялоого, мүлктү сатып алууга;
  • мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларга;
  • калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын, деталдуу пландоо долбоорлорун, калктуу конуштардын шаар куруу документацияларын иштеп чыгууга;
  • инвестициялык долбоорлорду, долбоордук-сметалык документацияларды жана долбоордун башка техникалык документацияларын иштеп чыгууга;
  • облустун, райондун, шаардын жана айыл аймактарынын аймактарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча ишчараларга, анын ичинде калктын саламаттыгын коргоо маселелерине байланышкан иш-чараларга;
  • калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн муниципалдык турак үйлөрдү курууга;
  • мөөнөттүүлүк, акы төлөө жана кайтарымдуулук негизинде ишкердик субъекттерине кийин кредит берүү үчүн кредиттик мекемелерге финансылык каражаттарды берүүгө;
  • мамлекеттик — жеке өнөктөштүк долбоорлорун, регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө болгон экономикалык долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
  • региондордо жаңы ишканаларды ачууга, туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чараларга, эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн бакубат жана жагымдуу чөйрөсү бар региондордун имиджин түзүүгө жана илгерилетүүгө;
  • инвесторлордун жеке капиталынын көлөмү Фонддон суралып жаткан суммадан үч эсе жогору болгон шартта, инвесторлордун капиталына биргелешип катышуунун жана/же инвесторлор менен биргелешип каржылоонун принциптеринде жаңы ишканаларды ачууга;
  • калктуу конуштардын инфратүзүмүн абаттоо, жашылдандыруу жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
  • индустриалдык парктарды жана атайын экономикалык зоналарды түзүүгө;
  • айыл чарба, өнөр жай жана туризм чөйрөсүндөгү кластерлерди түзүүгө;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана экономиканын тармактарында санариптештирүүнү жана жогорку технологияларды ишке киргизүүгө;
  • эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу же жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
  • материалдарды, жабдууларды сатып алуу, транспорттук чыгымдарды каржылоо бөлүгүндө шыктуу балдарды жана таланттарды колдоого;
  • мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген экологиялык коопсуздукту жана айланачөйрөнү коргоо боюнча ишчараларды камсыз кылууга, анын ичинде энергиянын натыйжалуулугун камсыздоочу, энергия жана сууну үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүгө;
  • Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдыктехникалык базасын колдоого.

Фонддун каражаттары социалдык долбоорлорго – 20 % чейинки өлчөмдө, региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болгон бюджет түзүүчү экономикалык долбоорлорго – 50 % чейин, ишкердик субъекттерине жеңилдетилген кредит берүүгө – 30 % чейин бөлүнөт.

Фонддун каражаттарын майрамдык иш-чараларды, юбилейлерди жана Фонддун максаттарына жана милдеттерине ылайык келбеген башка иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт.

Copyright © 2017 Maral FM