Биз менен байланышыңыз

Энергетика министри «Кара-Кече» кенинин иши менен таанышты

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 453 | 0

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Кара-Кече» көмүр көмүр казуу иштери менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, энергетика министри көмүр Бишкек ЖЭБине жана калкка үзгүлтүксүз ташылышы керектигин белгиледи.

Кара-Кечеде күнүнө 30дан ашык техника иштеп, суткасына 400гө жакын унаа ташып жатат.

Андан соң министр Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы көмүр базалардын абалы менен жеринен таанышып, пункттарда көмүр жетиштүү экенин белгиледи.

Муну менен катар Доскул Бекмурзаев эки облустун энергетикалык объектилеринин ишин жеринен көрүп, калкты электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM