Биз менен байланышыңыз

Көмүр былтыркыга салыштырмалуу 715 сомго кымбаттады

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 353 | 0

7-октябрда өткөн жылдын октябрына салыштырмалуу көмүрдүн орточо керектөө баасы өлкө боюнча орточо эсеп бир тонна үчүн  715 сомго же 16%га өстү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Муну менен бирге, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тоннасы – 2 500 сом), Балыкчы шаарында (бир тоннасы – 4000 сом) Токтогул шаарында (бир тоннасы – 4373 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тонна үчүн – 8 390 сом), Баткен (бир тоннасы – 8 377 сом) жана Исфана (бир тоннасы – 6 500 сом) шаарларында катталды.

Көмүргө карата орточо керектөө бааларынын талдоосу өлкөнүн 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин негизинде берилген.

Күз-кыш мезгилинде Кыргызстан 3 млн тонна көмүр жагат, бирок учурда «Кыргызкөмүр» ишканасы 200 миң тонна гана берүүгө даяр. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов «Марал» радиосуна берген мегинде билдирди.

Учурда республикада лицензиясы бар 45тей жеке менчик көмүр казган ишкана бар жана анын ичинен экөө мамлекеттики. Эң чоң көлөмдөгү көмүр «Кара-Кечедеги» бассейнде казылат.

«Кыргызкөмүрдүн» жетекчиси: Көмүрдүн мамлекет бекиткен баасы — тоннасына 1330 сом

Copyright © 2017 Maral FM