Биз менен байланышыңыз

Осмонбетов: Өлкө боюнча 768 отун базалары жана көмүр сатуу пункттары ачылат

Кыска кабар | 19 Авг 2020 | 921 | 1

17-августта Мамлекеттик штабда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун күз-кыш мезгилине даярдык боюнча брифинги болуп өттү.

Эмил Осмонбетов 7 айдын жыйынтыктары менен тааныштырды. Төмөндө текстти толук беребиз:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана калкын 2020/2021-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» № 228 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, отун энергетикалык комплексиндеги ишканалар тарабынан коюлган максаттарды ишке ашыруу, отун даярдоо, шаймандарды оңдоо, электр жана жылуулук тармактарын куруу жана реконструкциялоо боюнча коюлган пландарды жана тапшырмаларды аткаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

1-августка Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,1 миллиард куб метрди түздү, ал былтыркыга караганда 2,4 миллиард куб метрге аз (16,5 млрд. м3).

Бүгүнкү күнгө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,5 миллирад куб метрди түздү, ал былтыркыга карганда 2,3 миллиард куб метрге аз (16,8 млрд. м3).

Быйылкы жылдын 1-августуна карата электр энергиясын өндүрүү 8,9 миллиард киловатт саатты түзүп, 2019-жылга (8,89 млрд. кВтс) салыштырмалуу 102,8 миллион киловатт саатка же 0,2 пайызга аз болду.

7-айдын жыйынтыгы боюнча 1,5 миллион гигакалория жылуулук энергиясы өндүрүлдү, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 59,7 миң гигакалория же 4,1 пайызга көп (2019-ж – 1,47 млн.ГКал).

7 айдын жыйынтыгы менен «Газпром Кыргызстандын» маалыматы боюнча 172,5 миллион куб метр жаратылыш газы менен камсыздады, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,4 миллион куб метрге көп (2019-ж. – 156,1 млн. м3).

Бүгүнкү күндө республиканын министрликтери жана ведомстволору тарабынан көмүр сатып алууга конкурстар өткөрүлүп жатат жана көмүр жеткирүүгө келишимдер түзүлүүдө, айрым мекемелер боюнча көмүр жеткирүү иштери башталды.

Муну менен күздүн башталышына байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына облустарда отун базаларын жана көмүр сатуу пункттарын ачуу боюнча иштери жүргүзүлүп жатат.

Бишкек шаарынын ЖЭБине отун даярдоо боюнча:

— 29-июнда Кабак көмүр бассейнинин көмүрүнөн 700 миң тонна көлөмүндө сатып алууга конкурстун жыйынтыгынын негизинде «Кыргызкөмүр» ишканасына караштуу көмүр казуучу мекемелери менен келишим түзүлдү.

— 28-августта 60,0 миң тонна Таш-Көмүрдүн көмүрүнө конкурс жарыяланат.

—   9-июлда 336,0 миң тонна импорттук көмүр сатып алууга конкурс өтүп, бирок арыздары туура болбой калганына байланыштуу конкурс жокко чыгарылды. 12-августта кайрадан конкурс жарыяланды. (Келишимдин негизинде 14 миң тонна көмүр опыттык күйгүзүүгө иштетилген).

—   11-августтда 4,0 миң тонна мазут жеткирүү боюнча конкурстук заявкалар ачылып, азыркы убакта конкурстук комиссия тарабынан документтер каралып жатат.

Ош шаарынын ЖЭБине 20,0 миң тонна мазут жеткирүү боюнча «Кыргызнефтегаз» менен келишим түзүлдү. Белгилей кетсе, Ош шаарынын ТЭЦи менен Кыргызнефтегаздын ортосунда жооптуу сактоо боюнча 20,0 миң тонна мазутка келишим түзүлгөн. Факт боюнча 20 миң тонна мазут жеткирилди.

Жалпы республика боюнча 768 отун базаларын жана көмүр сатуу пункттарын ачуу күтүлүүдө.

Көмүр өндүрүү тармагы боюнча 707,3 миң тонна көмүр өндүрүлдү же былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине караганда 3,1 пайызга көп (2019-ж. – 686,3 миң т.).

Түндүк региону боюнча 239 миң тонна көмүр өндүрүлдү (2019-ж – 201,9 м.т.), ал эми түштүк региону боюнча 468 миң тонна көмүр өндүрүлдү (2019-ж. – 484,3 м.т.).

7 айда жалпы электр компаниялары боюнча жабдууларды иштетүүдө 3 137 авариялык бузуулар болгон жана өткөн жылга салыштырмалуу авариялык өчүүлөрдүн жалпы саны 348 көбөйдү (2019-жылы 2 789 авариялык өчүүлөр катталган).

Мындай сандагы авариялык бузуулардын негизги себеби жабдуулардын эскиргендиги болуп эсептелинет жана аба ырайына байланыштуу болду.

1-августуна карата 69 от казандарды капиталдык оңдоо жумуштарын аткаруу пландалган, иш жүзүндө 71 от казандарында капиталдык оңдоо жумуштары аякталган.

Мамлекеттик комитети тарабынан келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча штаб түзүлгөн, социалдык объекттердин жана энергетика ишканалардын жылытуу мезгилине даярдыгынын жүрүшү менен таанышуу үчүн 6-7 августунда Нарын облусуна иш-сапарында Кабак, Турук көмүр өндүрүүчү участкалары менен таанышып, Нарын шаарында штаб өткөрүлдү.

 Штаб иш-сапары менен 19-августтан баштап Ысык-Көл жана Талас облустарына, ал эми 24-августтан баштап Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына барууга пландаштырууда.

Жалпысынан алганда, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, отун-энергетикалык комплекс ишканалары коюлган максаттарды ишке ашыруу менен күз-кыш мезгилине даярдык көрүшүүдө”.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    20.08.2020 07:12

    Комурду казып алууда мамлекеттик ишканалар калганбы, жэ баары менчикке сатылып кеткенби? Кенди иштетуу технологиясы кандай? Себеби коп жерде комурду кол менен казып алышат. 18 кылымдын кейпинде капка салып которуп чыгышат. Айтайын дегеним окмоттун озунун ишенген чон коломдо комур ондургон шахтасы барбы?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM