Биз менен байланышыңыз

«Кыргызкөмүрдүн» жетекчиси: Көмүрдүн мамлекет бекиткен баасы — тоннасына 1330 сом

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2021 | 1461 | 0

Бир жуманын ичинде «Кара-Кечеден» 25 миң тонна көмүр жүктөлүп кетти. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, сентябрь айында аба ырайы жакшы болгондуктан, көмүр таратууну 1-октябрдан баштоо пландалган болчу. Акыркы 7 күндө 25 тонна көмүр чыгарылды.

«Биздин ишкананын «Кара-Кече” филиалы бар, ал жактан акыркы 7 күндө күнүнө 300 машина көмүр жүктөлүп кетүүдө. Анын баары эле Бишкекке келген жок, Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Бишкектин чет жакасына кетип жатат. Монополияны жөнгө салуу агенттиги бизге бир жылга өздөрүнүн наркын коюп берген. Алар койгон баа менен 1 тонна көмүр 1330 сом турат. Биз андан көтөрө да, түшүрө да албайбыз. Кечээ Бишкектин четиндеги айланма жолго чоң унаалар келип, көмүрдү дүңүнөн 5 миң сомдон сатып кетип жатат деген маалымат уктук. Эми анын баарын алган киши жок. Бул — жыл бою келе жаткан көрүнүш. Былтыр 1 тонна көмүрдүн баасы 4000 болгон. Андан кийин элдер көп ала баштаганда, көмүрдүн баасы 3800-3500 сомго түшүп калчу. Бүгүнкү көрүнүш ушундай болуп жатат», — дейт ал.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM