Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Кара-Кечеде айланма жол курула баштады

Кыска кабар | 16 Сен 2020 | 585 | 0

Кара-Кечеде көчкү басып калган жерди айланып өтүүчү жаңы жол курула баштады. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын комиссия жер көчкөн аймакты изилдеп чыгып, аны тазалоо мүмкүн эместигин аныктаган. Буга байланыштуу айланма жол куруу чечими кабыл алынган.

14-сентябрда Дыйкан-Кара-Кече жолунда тоо көчкү жүрдү. Анын кесепетинен Кара-Кече дарыясы тосулган, электр линиялары үзүлгөн. Ошондой эле ал аймактагы унаа жолу жабылып калган.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, жер көчкүнүн көлөмү 2 млн метр кубду түзүп, жолдун 600 метрин тосуп калган.

Кара-Кече кенинде жер көчтү. Тазалоо иштери жүрүп жатат

Copyright © 2017 Maral FM