Биз менен байланышыңыз

Кара-Кече көмүр кенинде КамАЗга кыпчылып калган тургун каза болду

Кыска кабар | 16 Ноя 2019 | 731 | 0

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде 30 жаштагы тургун эки КамАЗ унаасынын ортосунда калып каза болду. Окуя боюнча “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын филиалынан милицияга кабарлашкан.

Түгөл-Сай айылынын тургуну 1990-жылы туулган А.у.Б. көмүр кендин тосмосуна жакын жерде эки КамАЗга жол көрсөтүп жатып, эки унаанын ортосунда кыпчылып калган. Алдын ала айтылган маалыматтарга ылайык , көмүр чаңында жол көрүнбөй калган.

Жергиликтүү милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, жабырлануучу А.у.Б. унаалардын арасынан чыгарылып, ооруканага алып бараткан жолдо  жан берген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кырсыкка катышкан КамАЗ унаалары Жумгал РИИБдин айып короосуна токтотулду. Маркум А.у.Б. үй-бүлөлүү болгон. Артында жубайы жана 3 баласы калды.

Copyright © 2017 Maral FM