Биз менен байланышыңыз

Нарын облусуна быйыл 97620 тонна көмүр керектелет

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 656 | 0

Нарын облусуна быйылкы жылы 97620 тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловдун бүгүн, 11-сентябрда Кара-Кече көмүр кенине жасаган иш сапарында айтылганын облус жетекчисинин маалымат катчысы билдирди.

Белгилей кетсек, Кара-Кечеде ушул күнгө карата 2800 тонна көмүр казылган. Учурда облуста 68 көмүр кампасы бар. Бирок, Нарын облусун көмүр менен толук камсыздоо үчүн дагы 94820 тонна көмүр казылышы керек.

Облус жетекчиси Кара-Кече көмүр кенинде иш жүргүзгөн «Шарбон» , «Акжол», «Кыргыз көмүр» жана «Демилге» ишканаларынын абалы менен таанышып, айрымдарына эскертүү берди. Андан соң Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрөгасынын орун басары Мырза Жаманбаев жана «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Талант Жекшеновдун катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.

Анда Нарын облусунда 2019-2020-жылда күз-кыш мезгилинде даярдыктарды көрүү боюнча маселе каралып, бюджеттик тендерге катышкан ишканалардын көмүр жөнөтүү графигин түзүү, акимдерге жер-жерлерге көмүр сактоочу топ базаларды уюштуруу иштери тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM