Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун мурдагы кеңешчиси, активист Бакай Кашкарбаев кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги укук коргоо органдарына таянуу менен жазды.
Президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Кашкарбаев Кылмыш-жаза кодексинин «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү», «Кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү» беренелери боюнча шектелүүдө.
Учурда Бакай Кашкарбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.