Биз менен байланышыңыз

Өкүлчүлүк: Баткенде көмүр арзандады

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 686 | 0

Бүгүн, 29-октябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустагы райондук акимдер жана айыл башчылары менен көмүрдүн бүгүнкү күндөгү баасын билүү жана аны туруктуу кармоону уюштуруу максатында Сүлүктү шаарына иш сапар менен барды.

Алимбаев айыл башчыларына көмүр казган шахталар менен түз келишим түзүп, көмүрдү арзан алууга бардык аракеттер ыкчам көрүлүшү керектигин талап кылды. Анын негизинде ар бир шахтага айыл аймактар бекитилип, карапайым эл үчүн туруктуу бир баа коюлду.

Сүлүктү көмүрүнүн бүгүнкү күндөгү баалары:

Лейлек районунда:

Буга чейин көмүрдүн баасы 10-11 сом болсо, азыркы күндө ириси 7 сом 50 тыйынды, орточосу 5 сом 50 тыйынды түзөт.

Кадамжай районунда

  • ири — 11 сом болсо, азыр 9 сом;
  • орточо — 10 сом болсо, учурда 6 сом 50 тыйын.

Баткен шаары жана Баткен районунда

  • ири — 11 сом болсо, азыр 8,5 сом,
  • орточо — 10 сом болсо, азыр 6.50 тыйын.

Кызыл-Кыя шаарында

  • ири — 11 сом болсо, азыр 9 сом,
  • орточо — 10 сом болсо, учурда 6сом 50 тыйын.

Сүлүктү шаарында

  • ири — 8 сом болсо, азыр 7 сом,
  • орточо — 6 сом болсо, азыр 5 сом.

Баткен району жана Баткен шаарында «Баткен мунай» ишканасы казган көмүрдүн баасы 4 сомду, «Закирдин кен» казган көмүрдүн баасы 3 сом 50 тыйынды түзөт.

Алимбаев өз сөзүндө эгер облус аймагында көмүрдүн баасы көтөрүлүп кете турган болсо, аким-мэрлер, антимонополия менен биргеликте түздөн-түз жооп берерин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM