Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министринин азыркы жана мурунку орун басарлары кармалды

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 853 | 0

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу жана министрдин мурдагы орун басары Амангелди Исаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Атайын кызмат ата мекендик айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуудагы коррупциялык схеманы жоюу боюнча иштерди улантууда. Анын натыйжасында айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоодо бир нече жыл бою тоскоолдуктарды жараткан, бири-бири менен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын уюшкан тобу аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул мыйзамсыз фактыларга Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарынын тиешеси бар экени далилденген.

26-октябрда айтылган адамдар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн коррупциялык схема түзүүгө катышкан бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча максаттуу ишин улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM