Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 112 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 238 | 0

Кыргызстанда 26-октябрга карата коронавирус 112 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында – 43, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда — 2, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 99 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 680 бейтап, амбулатордук түрдө 687 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 741 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 196 киши айыгып чыкса, 2 миң 658 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM