Биз менен байланышыңыз

«Империя пиццы» кафесинин бардык филиалы убактылуу жабылды

Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 230 | 0

Массалык ууланууга байланыштуу «Империя пиццы» кафесинин Бишкектеги бардык филиалы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев кабарлады.

«Бүгүн «Империя пиццы» кафесинин 17 жердеги бардык филиалы ишин токтотту. Тамак-аштын үлгүсү алынып, лабораториялык жол менен изилдөө жүргүзүлүп жатат«, — деди Махамат Мурзашев.

23-24-октябрь күндөрү Бишкекте Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамакка ууланган 12 киши кайрылган, анын үчөө — балдар болгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги уулангандар «Империя пиццы» кафесинен суши-ролл жешкенин кабарлаган.

Бүгүн, 25-октябрга карата тамактан уулангандардын саны 85ке жетти. Бир бейтап стационардык дарылануудан өтүп жатат. Дарыгерлер абалы жакшы экенин айтышууда. Калган жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйдөн дарыланууга жөнөтүлгөн.

Эпидемиологиялык иликтөө учурунда дарыгерлерге кайрылгандардын баары борбор калаадагы бир кафенин ар кайсы филиалдарынан тамак жегени белгилүү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM