23-24-октябрь күндөрү Бишкекте Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамакка ууланган 12 киши кайрылды. Анын үчөө — балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Учурда үч аял дарыланып жатат, абалдары туруктуу. Калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылган.
Маалыматка караганда, ооруканага кайрылгандар «Империя пиццы» кафесинен суши-ролл жешкен.
Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөт да жарыялашкан.
Толук маалымат эпидемиологиялык изилдөөдөн кийин белгилүү болору айтылды.