Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Матраимов боюнча пикирин айтты

Кыска кабар | 23 Окт 2021 | 807 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовду кызматка алып келүү боюнча мамлекеттин саясаты жок. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди.

Жапаров Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, 2 млрд сом бюджетке төккөнүн, Матраимовдон алынган батирлер дарыгерлерге берилгенин айтты.

Эске салсак, буга чейин айрым депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынында Матраимовдун мыкты менеджер экенин айтып, аны кызматка алып келүүнү сунушташкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM