Биз менен байланышыңыз

УКМК: Пара алууга шектелип Президенттик администрациянын кызматкери кармалды

Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 1639 | 0

Президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Апенов Таалайбек Бекболотович пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик органдардагы коррупцияны жок кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ырайым кылынууга жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон адамдарды тактоо жана бекитүү тартибинде коррупциянын белгиленген схемасы түзүлгөнү такталды.

Президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Таалайбек Апенов кызмат абалынан кыянат пайдаланып, соттолгон адамдын маселесинин оң тарапка чечем жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп, С.Н. аттуу жарандан 170 миң сом талап кылганы аныкталды.

18-октябрда Таалайбек Апенов акча алып жаткан жеринен кармалып, Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM