Биз менен байланышыңыз

УКМК Салымбековдун камалышы боюнча маалымат таратты

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 776 | 0

Айыл чарба азыктарын экспорттоого тоскоолдук жасаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө айып тагылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуу учурунда кызмат адамдары жана жеке компаниялар  тоскоолдук жаратып турушкан. Мындан улам өндүрүүчүлөр кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болуп келишкен.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин айрым кызматкерлери, бул коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле «Дордой Дыйкан» базарынын директору Салымбеков Эркин Мааткабылович кармалып, жоопко тартылган.

Кармалгандарга карата сот тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантууда.

Бишкектеги «Дордой Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков өткөн жумада кармалган. Ал — бир катар компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн бири жана DORDOI MOTORS жоопкерчилиги чектелген ишкананын директору.

Copyright © 2017 Maral FM