Биз менен байланышыңыз

«Баткен облусунун инвесторлору үчүн толук амнистия пландаштырылууда»

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 304 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймактары боюнча алгачкы сапары алкагында Баткен облусунда өтүп жаткан «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форумунун ишине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров куттуктоо сөзүндө инвесторлор үчүн жеңилдиктер тууралуу эске салды.

«Баткен облусунун экономикасын өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ. Сиздерге белгилүү болгондой, Баткен облусунун өзгөчө статусу тууралуу мыйзам жана Өнүктүрүү программасы кабыл алынып, иш-аракеттер планы бекитилген. Мамлекет тарабынан чек ара аймагында иштеген ишкерлерге атайын салык режими түрүндө жеңилдиктер берилет. Ошондой эле өзгөчө инвестициялык режим киргизилген. Министрлер кабинети инвестицияларга мамлекеттик кепилдик берет жана Баткен облусунун инвесторлору үчүн толук амнистия пландаштырылууда. Мындан тышкары мамлекеттик түз сатып алуулардын уруксат берилген босогосу 2 млн сомдон 5 млн сомго чейин жогорулатылат. Бул режимдер – азыркы мезгилде Баткенге инвестициялоо, анын ичинде жергиликтүү ишкерлер үчүн жагымдуу мезгил. Мен жалпыңыздарды бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырам. Негизгиси, «Евростандарт-5» боюнча иш алып баруу керек», – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы кошумчалагандай, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда өзгөчө жеңилдетилген режим иштейт.

Бул форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн гана эмес, маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берери күтүлүүдө.

Иш-чара мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын жана уюмдардын жетекчилеринин, потенциалдуу инвесторлордун, ата мекендик ишкерлердин, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM