Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 9 айында өлкө бюджетине 2 млрд 247,9 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул болжолдук пландан 73,1 млн сомго көп.
Быйыл салык 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 676,7 млн сомго көп жыйналды.
Жалпы чогулган салыктын ичинен 1 млрд 755,6 млн сомго патент берилген, бул белгиленген пландан 7 млн сомго көп.
234,4 млн сомго 44 788 милдеттүү патент берилди.
Бирдиктүү салыктан түшүүлөр 257,7 млн сомду түздү, бул 58,1 млн сомго көп.
Ошол эле учурда, 2021-жылдын сентябрында атайын салык режимдери боюнча 495,2 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, болжолдук пландан 77,7 млн сомго көп болду. Ал эми былтыркы жылдын сентябрына салыштырмалуу 31,2 млн сомго көп.