Биз менен байланышыңыз

Акыл Кемелов депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 304 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Акыл Кемелов Ысык-Көл облусунун №34 Жети- Өгүз округунан талапкерлигин көрсөткөн.

Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн 308 талапкерден арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана анын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамы боюнча өтөт. Ага ылайык парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM