Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан эки бейтап каза болгон

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 360 | 0

Кыргызстанда 13-октябрга карата коронавирус 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 35, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 1, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 122 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 623 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 492 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 320 киши айыгып чыкса, 2 миң 624 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM