Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, дагы 93 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 215 | 0

Кыргызстанда 11-октябрга карата коронавирус 93 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 51, Чүй облусунда – 21, Ош облусу – 1, Талас облусу — 4, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусу – 6, Баткен облусу — 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 112 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 442 бейтап, амбулатордук түрдө 672 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 429 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 198 киши айыгып чыкса, 2 миң 622 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM