Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, дагы 66 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 9 Окт 2021 | 160 | 0

Кыргызстанда 9-октябрга карата коронавирус 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 39, Чүй облусунда – 12, Ош облусу – 2, Талас облусу — 3, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусу – 1, Баткен облусу — 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 80 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 446 бейтап, амбулатордук түрдө 680 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 186 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 953 киши айыгып чыкса, 2 миң 618 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM