Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондорго кар жаап, үшүк жүрөт

Кыска кабар | 4 Окт 2021 | 357 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 4-октябрда өлкө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

4-5-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Үшүк жүрсө жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алына элек картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM