Биз менен байланышыңыз

Максатбек Дыйканов депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү

Кыска кабар | 4 Окт 2021 | 928 | 0

Коомдук жана саясий ишмер Максатбек Дыйканов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн БШКга арыз калтырды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Дыйканов Баткен облусунун №2 Баткен округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.

Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн 80 талапкерден арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана анын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамы боюнча өтөт. Ага ылайык парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Максатбек Дыйканов «Кыргызайылтраст» компаниясынын генералдык директору болуп, Кыргызстанда биринчи жолу Граминбанк системасы аркылуу микрокредиттөөнү иш жүзүнө ашырган. 2003-жылы Баткен облустук администрациясынын аппарат жетекчиси, губернатордун биринчи орун басары болуп иштеген. 2012-жылы Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы кызматын аркалаган. Кыргыз Республикасынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кенешчиси болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM