Биз менен байланышыңыз

Президент Адвокаттардын II съездине катышууда

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 286 | 0

2021-жылга адвокаттарга эмгек акы төлөө үчүн 74 млн 212 миң сом өлчөмүндө каражат бекитилген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-сентябрда Адвокаттардын II съездинде айтты.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттардын эмгегине акы төлөөнүн бюджети 2018-жылы 18 млн 552 400 сомду түзгөн.

Президенттин айтымында, ушул жылдын 1-сентябрына карата мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасынын реестрине 422 адвокат кирген.

Башкача айтканда, адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензия алган адамдардын болжол менен 10 пайызы аз камсыз болгон жана аялуу катмардагы жарандарга юридикалык жардам берүү системасында иштейт.

Бул жагдай иш жүзүндө өлкөбүздүн алыскы региондорунда элдин көпчүлүгү зарыл учурларда мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү квалификациялуу юридикалык жардамды албай калууда дегенди билдирет. Муну Президенттин Администрациясына жарандардан кайрылуулар көп келип жатканы айгинелеп турат. Алардын көпчүлүк бөлүгү жарандык жана жазык иштери боюнча сот өндүрүшүнө тиешелүү болууда”,-деди президент.

Жапаров бул үчүн жарандарга жана башка адамдарга квалификациялуу жардам көрсөткөн адвокаттардын сый акыларынын өлчөмүн эң аз дегенде 2 эсе көбөйтүү зарылдыгын айтты.

Адвокаттардын II съезди Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM