Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, дагы 88 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 195 | 0

Кыргызстанда 30-сентябрга карата коронавирус 88 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 54, Чүй облусунда – 15, Ош облусунда — 1, Талас облусу — 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусу – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 104 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 808 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 532 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 206 киши айыгып чыкса, 2 миң 605 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM