Биз менен байланышыңыз

ИИМдин Ички аскер кызматкерлеринин айлыгы 40% жогорулатылды

Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 554 | 0

2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40% жогорулатылат. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Чечим социалдык кепилдиктерди камсыздоо, аскер кызматкерлерине кошумча стимул берүү максатында кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын август айында Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада 1-октябрдан тарта аталган категориядагы аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40%га жогорулатыларын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM