28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкер катары катышуу үчүн дагы 5 жаран арыз берди.
Арыздар Борбордук шайлоо комиссиясына 17-18-сентябрда түштү.
Талапкерлер:
— Байыш Курманов – №30 Ысык-Ата округу;
— Айбек Алтынбеков — №15 Базар-Коргон округу;
— Актилек Нурланбеков — №26 Ленин округу;
— Абдижамил Насиров — №3 Кадамжай округу;
— Канатбек Исаев — №31 Чүй-Кемин округу.
Буга чейин бир мандаттуу округдан арыз берген жеке талапкерлер:
— Акылбек Сариев,
— Арсланбек Малиев,
— Атамша Дурсунов,
— Санжар Ибраимов,
— Анаш Сейтказиев,
— Нурлан Танабаев.
Быйыл парламентке келе турган 90 депутаттын 54ү партиялык, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.