Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембилик өтөт

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 247 | 0

18-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата жалпы өлкө боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу «Эко Деми» фондунан кабарлашты.

Ишембилик акцияларын «Эко Деми» коомдук фонду жана Let’s do it эл аралык уюмунун расмий өкүлчүлүгү өткөрүп келет.

Кыргызстандын шаарлары менен аймактарындагы булганыч жерлердин виртуалдык картасы даярдалып, жарандар ыктыярдуу түрдө тазалашат.

Андыктан таштанды басып, тазаланбай калган жерлер болсо, + 996 708 22 22 26 (WhatsAppка байланган) номуруна кайрылып, андагы абалды сүрөткө тартып, каралбай калган аймактардын так дарегин жөнөтүүнү уюштуруучулар бардык жарандардан өтүнөт. Ушул эле номер аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында өтө турган ишембиликтерге катышуу үчүн ыктыярчылар каттоого алынат.

Уюштуруучулар Кыргызстандын экологиясы начарлап баратканын эскертет. Буга калктын табиятка кайдыгер мамилеси себеп болот.

2008-жылы Эстонияда 50 адамдан турган кыймыл демилге көтөрүп, эки саат убакытта тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Кийинчерээк алардын катары кеңейип, тазалыкка маани бергендер көбөйгөн. 10 жыл аралыгында бул ыктыярчылар, коомдук уюмдар эстондуктардын аң-сезимин өзгөртүп, таштанды ыргыткандар азайган.

Кыргызстан бул акцияга быйыл төртүнчү жылы катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM