Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан өлкө боюнча 3 бейтап каза болду

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 386 | 0

Кыргызстанда 11-сентябрга карата коронавирус дагы 100 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында – 55, Чүй облусунда –17, Ош облусунда — 2, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 4 адамдан табылган.

Ал эми бир суткада 146 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 648 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 86 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 83 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 326 киши айыгып чыкса, 2 миң 569 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM