Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов Түркия парламентинин төрагасын Кыргызстанга чакырды

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 440 | 0

Венадагы спикерлердин V дүйнөлүк конференциясынын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту.

Аңгемелешүүдө алар парламенттер аралык кызматташууну, ушул багытта 27-28-сентябрда Казакстанда өтө турган ТүркПА Кеңешинин күн тартибине кирген маселелерди талкуулашты.

Талант Мамытов 28-ноябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү тууралуу учкай маалымат берди.

Түркия парламентинин башчысы эки өлкө ортосунда кызматташуунун бардык тармактарын камтыган ырааттуу мамилелер түзүлгөнүн белгиледи.

Тараптар 2022-жылы Изникте өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Талант Мамытов Мустафа Шентопту Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM