Биз менен байланышыңыз

Президент «Чакан жана орто ишкерлерге колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 384 | 0

Президент Садыр Жапаров «Чакан жана орто ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик Админстрациядан билдиришти.

Чакан жана орто ишкердик субъекттерине мындан ары колдоо көрсөтүү жана аларды экономиканын байкоого алынбаган секторунан чыгаруу максатында Министрлер Кабинетине эки айлык мөөнөт тапшырылат:

—       чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кызматкерлердин санына жана эсептелген эмгек акысына жараша 2022-жылдан 2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө 27,25 %дан 22 жана 14 %га чейин төмөндөтүү;

—       бул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү.

Copyright © 2017 Maral FM