Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоого үгүт иштери 29-октябрда башталат

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 618 | 0

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого үгүт иштери 29-октябрда башталат. Бул тууралуу «Маралга» Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоо өнөктүгү 27-ноябрь эртең мененки саат 08:00гө чейин уланат.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде кайрадан иштелип оңдолуп-түзөлгөн мыйзамга ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Copyright © 2017 Maral FM