Биз менен байланышыңыз

Улукбек Ормонов парламенттик шайлоого катышат (видео)

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 924 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, шайлоого кандай жол менен барары азырынча чечиле элек. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча адам өзүн өзү баалай турган жакшы мыйзам кабыл алынды. Өлкө боюнча партияга жана талапкерге добуш беришет. Ошондуктан ар бир саясатчы бир катышып көрүшү керек деп ойлойм» , — деди Ормонов.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституцияга ылайыкталып, кайра иштелип чыккан мыйзамдын негизинде өткөрүлөт. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 90 депутаттан куралып, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Партиялар шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь саат 18:00гө чейин бериши керек.

Бүгүн, 1-сентябрь саат 12:00гө карата 7 партия шайлоого катышарын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM