Connect with us

ИИМ саясатчы жана активисттерге 1 айдан ашык убакыт тыңшоо жүргүзгөн

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 400 | 0

Ички иштер министрлиги «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулованын укук коргоо органдарынын 100 жакын кишини, анын ичинде саясатчы, юристтерди тыңшоого алгандыгы тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди.

ИИМден белгилешкендей, аталган адамдар былтыркы октябрь окуялары боюнча тергелип жаткан иштин (264-берененин 1-бөлүгү («Массалык башаламандык») алкагында тыңшоого алынган. Тыңшоо жүргүзөрдөн мурда алар соттун уруксатын алган. Тыңшоо 1 айдан ашык узак убакытка созулган.

«Аталган ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо, бул кылмыш иши боюнча жоопко тартылган шектелүүчүлөр менен байланышын аныктоо үчүн Жазык-процессуалдык кодекске ылайык тергөө кызматы 2021-жылдын 6-январынан 10-февралга чейин телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жүргүзүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Биринчи май райондук соту өтүнүчтү канааттандырган. Белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин атайын тергөө амалдары сот жана тергөө тарабынан узартылган эмес», — деп билдирет министрлик.

Министрлик Баш мыйзамга ылайык ар бир жаран кат, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүн купуя жүргүзүүгө укугу бар экенин, бирок тергөө кызматы мыйзам боюнча жана соттун чечими менен жарандарга тыңшоо жүргүзө аларын белгилейт.

«Тергөө кызматы ишти өз ыйгарым укуктарынын алкагында жана мыйзамга ылайык жүргүзгөн», — деп билдирет ИИМ.

Ошол эле учурда ИИМ өз түшүндүрмөсүндө «тергөө кызматы октябрдагы окуяларга тиешеси жок адамдарды да тыңшоого алган» деген билдирүү боюнча үн каткан эмес.

Эскертке кетсек, мындан мурдаараак Клара Сооронкулова ИИМдин тергөө тобу 100гө жакын адамды тыңшоого алганын жана алардын катарында октябрдагы окуяларга тиешеси жок адамдар бар экенин билдирген. Ал президентке кайрылып, ички иштер министрин, башкы прокурорду кызматтан алууну, тергөөчү менен тыңшоого уруксат берген сотту жоопко тартууну суранган.

ИИМ 100гө жакын кишини тыңшоого алып жүргөн

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM