Биз менен байланышыңыз

ИИМ 100гө жакын кишини тыңшоого алып жүргөн

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 279 | 0

«Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова ИИМ жыл башынан бери 100гө жакын жаранды, анын ичинде саясатчы, укук коргоочу, юристтердин телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшоого алып жүргөнүн билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Анын айтымында, ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаевдин өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотунун судьясы Ч. Бердимуратов 100гө жакын кишиге тыншоо жүргүзүүгө уруксат берген. Жумабаев өзүнүн өтүнүчүндө аталган 100 кишиге карата 5-октябрдагы окуялар боюнча иш козголгонун жүйө келтирген. Бирок аталган тизмеде октябрдагы окуяларга тиешеси жок кишилер да бар. Маселен, Нурбек Токтакунов, Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева жана башкалар.

«Тыңшоо 2021-жылдын 6-январынан тарта жүргүзүлүп келет. Тизмедегилердин көпчүлүгү өзүнүн жарандык позициясы бар, жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка карата оюн коркпой жана ачык айткан адамдар. Алардын жеке жашоосу тууралуу маалымат чогултуу үчүн тыңшоо жүргүзүү алардын көз карашы үчүн куугунтук кылуу болуп саналат», — деп жазган ал.

Ал билдиргендей, сот аталган адамдарды тыңшоого алууга уруксат бергенде кылмыш иши болуп-болбогонун, алардын ошол фактыларга тиешеси бар-жоктугун аныктаган эмес. Ал эми тергөөчү Жумабаев жок болгон кылмыш иши боюнча токтомду жасалмалап чыгарган.

Бул окуяга байланыштуу Сооронкулова ички иштер министри Улан Ниязбеков кызматтан алыныш керек деп эсептейт. Ошондой эле ИИМдин жетекчилиги менен тергөөчүлөрү, биринчи кезекте А. Жумабаев, сот Ч. Бердимуратов кылмыш жоопкерчилигине тартылышы зарыл.

Андан тышкары башкы прокурор Курманкул Зулушев да аракетсиздиги үчүн кызматтан алынышы абзел.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM