Биз менен байланышыңыз

«Ынтымактын» улакчылары Президенттин кубогун жеңип алды

Кыска кабар , Спорт | 31 Авг 2021 | 538 | 0

Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча Президенттин кубогун «Ынтымак» командасы жеңип алды.

Финалдык беттеш бүгүн, 31-августта болуп өттү. Анда «Ынтымактын» көк бөрүчүлөрү «Сары-Өзөн» менен ойноп, аларды 7:0 эсебинде утуп алды.

Ал эми Президенттин кубогунда үчүнчү орунду «Ала-Тоо» командасы алды. Кечээ, 30-августта алар үчүнчү орун үчүн «Достук» командасы менен ойногон. Оюн «Ала-Тоонун» жеңиши менен 4:2 эсебинде жыйынтыкталган.

Белгилей кетсек, аталган командалар көк бөрүнүн жогорку лигасында ойношот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM